www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда бүгүн, 1-июндан тарта ысык суу менен жылуулуктун баасы кымбаттады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаменти билдирди.
Жылуулукка жаңы тарифтер:
Калк үчүн 1 248 сом (1 134,76 сом болчу)
Өнөр жай объектилерине, бюджеттик керектөөчүлөргө жана башка абоненттерге 2 052 сом (1802 сом болчу)
Ысык суу үчүн:
Калк үчүн эсептегичтер боюнча 72 сом (64,3 сом болчу)
Керектөө нормасы боюнча бир адамга 345 сом (309 сом болчу)
Өнөр жай объектилерине, бюджеттик керектөөчүлөргө жана башка абоненттерге 117 сом (103 сом болчу)
Мындан сырткары, ичүүчү суу менен канализациянын тарифи дагы жогорулаган.
Белгилей кетсек, профилдик департаменттин буйругу 31-майда чыккан. Ведомство өкмөттүн 2021-жылы кабыл алган токтому бар экенин эскертти. Ага ылайык, 2021-жылдан 2025-жылга чейин тарифтер жыл сайын жогорулайт. Былтыр өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен баалар жогорулаган эмес.