www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбекова бүгүн, 1-июнда парламенттин жыйынында Дипломатиялык академиянын окутуучусу Айнур Жоробекованы кызматтан алуу тууралуу чечимге ашыкпоо боюнча сунушун айтып, өз пикирин билдирди.
"Ал өзү кечирим сураган. Депутаттар аны кызматтан алууну сунуштап жатышат. Биз анын кандай патриот экенин билебиз. Буга байланыштуу мен аны жумушуна калтырууну сунуштайм", — деди ал.
Ал эми депутат Камилла Талиева кесиптешине «адвокат болбогула» деген талап менен жооп берди.
"Ал вундеркинд болсо да кыргыздарды шылдыңдап жатат. Ошондуктан аны жоопко тартып, жумуштан кетириш керек. Биз ушуну талап кылабыз! Унчукпай отура берсек, эртең кайра чыгышат", — деди ал.
Миргүл Темирбаева төрагадан Талиевага эскертүү берүүнү суранды.Айтымында, Камила Талиева анын сөзүнө комментарий берүүгө укугу жок болчу.
Эске салсак, Жоробекова буга чейин форумда сөз сүйлөп жатып, Кыргызстандын ЖОЖдорунда орус тилинде билим берүү “улуттук крокодилдерибиздин” нааразычылыгына карабай басымдуулук кылып жатат деген. Андан соң бир катар депутаттар Жоробекованы кызматтан алуу талабын коюшткан.
Булак: NazarNews.kg