www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адахан Мадумаров сурактан чыкты

Экс-депутат, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров сурактан чыкты. Бул тууралуу ал Телеграмм каналында билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 22-ноябрда Мадумаров жана анын жакындарын күч кызматкерлери алып кеткенден бери каерде экени белгисиз болуп жатканы тууралуу маалымат партиянын Фейсбуктагы баракчасына 22-ноябрдын кечинде жарыяланган.

Анда ушул эле күнү болжол менен эртең мененки саат 07:00 чамасында укук коргоо органдары Мадумаровдун жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүшкөнү, сейф, камера, ноутбук, компьютер, уюлдук телефондор жана башка жеке буюмдар алынганы айтылган 

Последние новости