www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясатчылар Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков жана Шайлообек Атазов убактылуу кармоочу жайына камакка алынганын алардын жакындары жана достору билдиришти. Биринчи май райондук соту алардын баш коргоо чараларын алдыдагы эки күндүн ичинде аныктайт.
Булактардын маалыматы боюнча, алар менен кошо экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы күзөтчүсү Дамир Мусакеев жана Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов камакка алынган.
Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаева сурактан кийин бошотулганын билдирди. Анын батири эртең мененки саат 6:00дөн баштап тинтүүгө алынып, андан кийин аны Ички иштер министрлигине алып кетишкен. Темирлан Султанбековдун апасы Кыял Токторбаева да сурактан чыккан.