www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адахан Мадумаров бүгүн да Башкы прокуратурада суракта

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары сурак берип жатат.

Белгилей кетсек, Мадумаров кечээ, 17-январда бир күн кечке ортодо тыныгуу менен сурак берген. Ал 14-январда дагы суракта болгон.

Эске салсак, былтыр октябрда Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол "кедергисин тийгизип жатканын" да билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости