www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн суткада Кыргызстанда 820 кишиден коронавирус табылып, 153 бейтап сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 600;
Ош шаары – 12;
Чүй облусу – 109;
Ош облусу – 4;
Талас облусу – 14;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 40;
Жалал-Абад облусу – 9;
Баткен облусу – 29.
Өлкөдө коронавирус илештиргендердин жалпы саны 191 288ге жетти. Анын ичинен 181 225 адам дартты жеңген. Азыркы тапта ооруканаларда 967, ал эми амбулатордук шартта 4 770 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Стационарда жаткандардын ичинен 358 бейтаптын абалы оор, ал эми 49 кишиники өтө оор деп бааланды. Тилекке каршы, бир суткада илдет үч адамдын өмүрүн алган.
Вирис жуктуруп алган бейтаптарды Бишкекте төрт оорукана кабыл алууда. Анын ичинен Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында 162, Улуттук хирургия борборунда 4, ал эми №2 клиникалык төрөт үйүндө 2 бош орун бар экени айтылды. Ал эми №2 көп тармактуу клиникалык ооруканада бош орун жок.
Булак: NazarNews.kg