www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборун күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле ал шалаакы кызматкерлерге дисциплинардык чара көрүлөрүн белгилеп, бир жуманын аралыгында борбордун эффективдүүлүгүн жакшыртуу иш-чараларынын планын даярдоо менен ишин жөнгө салууга тапшырма берген.

Белгилей кетсек, 14-январь күнү Кожошев ишкерлердин көптөгөн даттанууларынан улам борборго барганда жумушта тогуз кызматкердин бешөө гана отурган.

Ал кеңешменин жүрүшүндө Ишкерлерди тейлөө борборунун жетекчилигинин жоопкерчиликсиздигин белгилеп, ишин катуу сынга алды

"Бул борбор жөн эле көз боёмочулук үчүн эмес, ишкерликти өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Анын ишин кайра карап чыгып, өз ара кызматташууну жакшыртып, ыкчам башкаруу өзгөчө көзөмөлгө алынышы керек. Жооптуу кызматкерлер жарандарды кайра министрликтерге жөнөтүп коюп отура бербестен, керектүү маалыматтарды ошол жерден айтып бериши абзел", — деди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Ошондой эле ал шалаакы кызматкерлерге дисциплинардык чара көрүлөрүн белгилеп, бир жуманын аралыгында борбордун эффективдүүлүгүн жакшыртуу иш-чараларынын планын даярдоо менен ишин жөнгө салууга тапшырма берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости