www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Адатта учак куласа ал жердеги өрт өчүп, анын айланасы коопсуздалганча гана курчалып, тосулат. Андан кийин дароо тосмолор алынат. А бул жерде байкадыңарбы, тим эле алтын төгүлүп кеткенсип ит менен кайтарышты. Тим эле шимшилеп корушту. Бул жерде чоң мандем бар»,- дейт ушул тапта АКШдан үн каткан журналист Адилет Айтикеев.

Атамбаев, Кытайда дарыланбай эле Гонконгго барып жеке маселелерин чечип, келишкен. Анткени, Атамбавдин учагы менен алиги кара жолтой учак экөө бир күндө учуп келишти. Эгерде Манаска учак аман-эсен конгондо жиги билинбей калмак. Силер Атамбаевди “көңүл айтпайт”, деп таарынбагыла, аны түшүнгүлө, канчалаган товарлары жокко чыкты.

А дегенде жашырышып: “Манастан май куюп алып ары кетмек”, деген болчу биздин бийлик. Бүгүн болсо учагынан айрылган түрк компаниясынын өкүлү алардын учагы Бишкекке товар ташып келе жатканын шардана кылып, Атамбаевдин абийирин ачып койду.

Урматтуу журналисттер, биз чечкиндүү түрдө ӨКМдан жана УКМКдан аталган учакта кандай товарлар жана кандай сыр болгондугун айтып берүүсүн талап кылалы!”, - деп океандын ары жагынан үн катты Адилет Айтикеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости