www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адистештирилген окутуу бажысында кызматтык иттерди колдонуу менен накталай валютаны издөөнүн заманбап ыкмалары боюнча кинолог адистер үчүн окуу-практикалык семинар өткөрүлдү.
Иш-чара кинологиялык даярдоо бөлүмү тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын ар кандай мамлекеттик органдарынан, анын ичинде МБКдан, ИИМдин БМЖКК кызматынан жана КР Чек ара кызматынан сегиз адис катышты.
Программа мамлекеттик чек ара аркылуу өтүү пункттарындагы кызматтык шарттарга мүмкүн болушунча жакындатылып түзүлдү. Практикалык сабактардын жүрүшүндө жүргүнчүлөрдүн жүгүндө, жеңил жана жүк ташуучу автотранспортто, темир жол вагондорунда, ошондой эле аба кемелеринин ичинде акча каражаттарын издөө көндүмдөрү машыктырылды.
Кызматтык иттердин ишинин тактыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду. Сабактардын жыйынтыгында кинологиялык эсептер жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана максаттуу объекттерди аныктоодогу ишенимдүүлүгүн көрсөтүштү. Семинардын соңунда катышуучуларга кесиптик квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.