www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде, Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз-орус өз ара аракеттенүү маселелери талкууланып, муну менен катар соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү каралды. 

Тараптар регионалдык күн тартибиндеги маселелер жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү боюнча позициялары тууралуу пикир алышышты.

Президент Садыр Жапаров жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Президент Владимир Путинди үстүбүздөгү жылдын 31-август – 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитине катышууга чакырды.

Өз кезегинде Владимир Путин чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Россия тараптын интеграциялык бирикмелердин алкагында активдүү өз ара аракеттенүүгө берилгендигин, ошондой эле алардын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча күч-аракеттерди координациялоону жана практикалык кызматташтыкты мындан ары да арттырууга даяр экендигин ырастады. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында лидерлер кыргыз-россиялык кызматташтыкка кошумча динамика берүүгө жана өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча биргелешкен демилгелерди ырааттуу илгерилетүүгө өз ара багыт алышканын билдиришти.

Последние новости