www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдалып жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин абалы менен таанышты.
Алгач ал Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборуна барды.
Бул жерде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий илимий программасынын алкагында «Көчмөн цивилизациялары: мурас, парадигмалар жана келечек» аттуу эл аралык илимий конференция өткөрүлөт.
Учурда борбордун аймагына «Улуу тоолор баяны» чакырыгынын алкагында 16 скульптуралык композиция жана 7 кум скульптурасы орнотулууда.
Андан соң МинКаб башчысы Чолпон-Ата шаарындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин «Газпром» имаратынын даярдыгы менен таанышты. Ошондой эле Этномаданий өнүктүрүү, ат спорту индустриясы жана асыл тукум мал чарбачылыгы борборундагы ипподромдо жүрүп жаткан курулуш иштерин текшерди.
Мындан тышкары, ат спорту боюнча мелдештерди өткөрүүгө арналган арена куруу долбоору менен таанышып, Чолпон-Атадагы «Nomad» этнокомплексинин абалын көрүп чыкты.
Жумушчу сапардын соңунда Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда болуп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чараларды өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшүн текшерди.
Ага этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, спорттук жана башка аянтчаларды даярдоо, ошондой эле зарыл инфраструктураны түзүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эл аралык иш-чараларга келген катышуучуларды жана конокторду жогорку уюштуруучулук деңгээлде тосуп алууну камсыз кылууну тапшырды.
Ошондой эле коопсуздук, аймактарды көрктөндүрүү жана инфраструктура маселелерине өзгөчө көңүл буруп, бардык даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу аяктоо боюнча тапшырмалар берилди.