www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын коопсуз өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктарды текшерди.
14-августта министр Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосуна барып, куткаруу кызматтарынын даярдыгы менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу үчүн куткаруучулардын жеринде нөөмөттө турушу, күч жана каражаттардын даярдыгы тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле Канатбек Чыныбаев Кырчын жайлоосундагы Чоң-Ак-Суу дарыясынын нугунда жайгашкан көпүрөлөрдүн абалын көрүп чыкты.
Министр иш-чараларды өткөрүүдө биринчи кезекте коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Оюндар учурунда ӨКМдин куткаруучулары, атайын техникалары жана тик учактары нөөмөткө коюлат.
Ошондой эле жабыркагандарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн мобилдик госпиталь уюштурулат.