www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө бир катар жол курулуш иштери текшерилди

Ысык-Көл облусунда бир катар жолдордогу курулуш иштеринин жүрүшү текшерилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министр Талантбек Солтобаев облуска болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз курортуна баруучу жолдун, Каракол–Барскоон автожолунун, ошондой эле «Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол» жолунун 0–141,6-чакырымдарындагы курулуш иштерин жеринен көрүп чыкты.

Маалыматка ылайык, «Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол» жолунун аталган тилкесинде учурда 5 башкы подрядчы жана 10дон ашык субподрядчы компания иш алып барууда.

Бүгүнкү күнгө карата биринчи катмар асфальт-бетон 125,620 чакырымга төшөлүп, бул жалпы пландалган көлөмдүн 89 пайызын түздү.

Курулуш иштерине 978 жумушчу жана 402 атайын техника тартылган. Ошондой эле объектте 7 асфальт-бетон заводу жана 13 таш майдалоочу завод иштеп жатат.

Министр жол курулушунун сапатын камсыз кылып, иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Последние новости