www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Россия Федерациясынын Москва шаарына болгон жумуш сапары аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген форматтагы жыйындарына катышты.
Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев менен жолугушту. Мындан тышкары, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана делегациялары менен биргеликте Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Министрлер Кабинетинин Төрагасы үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында кечинде Бишкек шаарына кайтып келди.