www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын кызматкерлери менен Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери биргеликте борбор калаанын Биринчи Май районунда жайгашкан “Грув” аттуу түнкү клубдун ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
"Бул чечим клубдун айланасында акыркы убактарда көп жолу катталган коомдук тартипти одоно бузуу фактыларына, аймактагы жашоочулардын тынчсыздануусуна жана коопсуздук маселелерине байланыштуу кабыл алынды. Мындай көрүнүштөргө катуу ызы-чуу, спирттик ичимдиктердин таасиринде жасалган укук бузуулар, түнкүсүн чогулгандардын коңшуларга тоскоолдуктары жана жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жаратуу фактылары кирген", - деп айтылат маалыматта.
Жогоруда билдиргендей, буга чейин мекеме жетекчилигине эскертүүлөр берилип, тартипти сактоо боюнча бир катар талаптар коюлган. Бирок ага карабастан абал оңолбой, даттануулар улана берген.
Учурда мекеменин ишмердүүлүгү мыйзам чегинде текшерилип, тартип бузууларга тиешеси бар адамдар боюнча тиешелүү териштирүү амалдары уланууда.
Бишкек шаардык милициясы шаар тургундарын коомдук тартипти сактоого чакырып, ошондой эле бузуулар боюнча маалыматтарды “102” номуру аркылуу кабарлоону өтүнөт.