www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cадыр Жапаров уу коргошун кайнатканды кимден үйрөнгөн?

Президент Садыр Жапаров "Ысык-Көл тамырын" кайнатканды атасынан үйрөнгөн. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев  маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Кыргыздар кылымдардан бери уу коргошун менен бир топ ооруларды дарылап келген. Президентибиз бул чөптөн дары жасаганды атасы Нуркожодон үйрөнүптүр. Былтыр COVID-19 башталганда Жапаров абакта отуруп, ошол кездеги өлкө башчы Жээнбековго уу коргошунду дары катары сунуштаган. Бирок ал Жапаровдун катын окубаптыр дагы", — деди министр.

Өзүнүн айтымында, мындан соң президент "дарыны" Бейшеналиевге сунуштаган.

"Ал кезде мен катардагы дарыгер болчумун. Ошондуктан өз туугандарымды гана дарылагам. Азыр даярдаганды президенттен үйрөнүп жатам", — деди ал.

Уу коргошун чуусу

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын Kaktus Media порталына билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.

Журналисттин сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу деген суроосуна ал "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек" деп жооп берди.

Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгын коркунучка алып келерин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости