www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 16-апрелде өлкөдө коронавирусту дарылоодо уу коргошундун колдонулушу тууралуу билдирүү таратты.

Анда дүйнөдө препараттарды иштеп чыгууда клиникалык изилдөөлөр маанилүү экени, анын натыйжалуулугу менен коопсуздугу иликтене турганы айтылат.

Ошондой эле уу коргошундун коронавирусту дарылоодо натыйжалуулугу тууралуу ДССУнун маалыматы жок экени белгиленген. Уюмдун билдирүүсүндө, мындай маалымат алуу үчүн чөптүн фармакологиялык касиетин эл аралык стандарттарга ылайык иликтеп чыгуу керек.

Мындан тышкары аталган уюм COVID-19дун белгилери байкалганда өз алдынча дарыланбай, токтоосуз түрдө дарыгерлерге кайрылууну сунуштады. Аралыкты сактоого, баткап тагынууга, колду бат-баттан жууп, тазалоочу, вирус-бактерияларга каршы каражаттарды колдонуу, үйдү желдетип туруу, оорунун белгилери байкалганда тест тапшырууга элди чакырды.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Көп өтпөй анын социалдык тармактагы расмий баракчаларына бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыялаган. Анын сыртында "Уу коргошун" деген жазуу бар.

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы билингенин айтып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости