www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө тез, ыкчам өнүгүп, маданий, рухий баалуулуктар өзгөрүүдө. Илим-билимге умтулган прогрессивдүү коом өнүгүп, аалам сырларын изилдеп, космикалык мейкиндикте ачылыштарды жасап жатышат.
Ошол эле кезде, диний догма, канондорду ыйык тутуп, илимди, заманбап технологияны четке кагып, бактылуулукту, жакшы жашоону акыреттен издеген динге сугарылган сабатсыз караңгылар дагы жетиштүү.
Бирок, эч ким тана албаган бир чындык бар. Факт өжөр нерсе. Илим-билим — прогресс, дин — регресс. Илим-билимге умтулган коом, өлкөлөр өнүгүп, диндин барымтасында калган коом, мамлекеттер ичерге суу, жегенге нан таппай жакырчылыктын азабын тартып жатышат. Сөзүбүз кургак болбош үчүн, айрым жагдайларга токтолуп өтөлү.
Бүгүнкү күндө өнүккөн эң алдыңкы өлкөлөр, Америка баш болуп Европа мамлекеттери, ошол эле Сингапур, Япония, Түштүк Корея, Кытай илимге, билимге басым коюп өнүгүп жатышат. Анткени билим гана караңгыны жарык кылып, бийиктикке жеткирет.
Ал эми динди ыйык туткан өлкөлөрдө абал оор. Сирия, Ирак, Ливан, Палестина, Бангладеш, Пакистан, Афганистан айта берсе көп. Кризис, ачарчылык. Өзгөчө динди жашоо образы катары карашкан талиптер бийликке келгени Афганистанды ачарчылык каптап, карапайым калк кыздарын, балдарын сатып оокат кылып, азап чегишүүдө.
Европа мамлекеттери деле динден кол үзгөн, 14-16-кылымдардагы кайра жаралуу доорунан кийин (ренессанс) өнүгүү жолуна түшкөн. Акыл-эсин, колу-бутун тушаган диний кишенден бошоп, динди мамлекеттик башкаруудан ажыратып, маданий, рухий өзгөрүүгө, илим-билимге басым коюшкан. Натыйжада, мусулман өлкөлөрүнөн оозуп, өнүгүп-өсүп алдыга кетишти.
Арийне, ал кезде ислам дүйнөсү илимге чоң салым кошкон илимпоздорду берген. Алсак, медицинанын атасы Ибн Сина, математик, философ, музыка теортиги Аль Фараби, астраном, математик, акын Мирзо Улугбек, тилчи, адабиятчы, картограф Махмуд Кашкари, ойчул, акын, философ, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын сыяктуу дагы көптөгөн химиктер, физиктер, инженерлер, архитекторлор, механиктер чыкты. Алардын эмгектери батыш дүйнөсүнө үлгү болгон.
Тилекке каршы, мунун баары чала молдо дин бузат болгон, динден башканы жээрип, элди караңгы кармап башкарууну көздөгөн бир ууч молдолордун диний манипуляциясынан кийин деградация болду. Батыш динден кол үзүп, мамлекеттик саясат менен диндин чегин ажыратып, илим-билимге басым коюп жатканда, куранды, динди өз түшүнүгүнө салып чечмелеген аалымдардын айынан ислам дини 72 агымга бөлүнүп, диний догма, канондор үстөмдүк кылып, илим, прогресс жоголду. Маданий, адабий, рухий өсүш токтоду. Ошол орто кылымдагы диний инерциянын күүсү, илеби азыркыга чейин жетти. Ал түгүл бүгүнкү күндө жаңыча түс алып, эскини 7-кылымды көксөгөн радикалдашуу күч алды. Бул регресс.
Себеби, илим-билимге эмес, динге терең маани берген өлкөлөр өнүгүүдөн аксап жатканы сокурга да көрүнүп турат. Жалаң тыюу, ал болбойт, бул күнөө. Элди тыйып, күч менен кармаган диктатура жолу өнүгүүнү шарттабайт. Бир гана караңгылык, сабатсыздык, деградация болот. Бирок андай коомду башкарган жеңил.
Буга, Афганистан менен Түркмөнстандагы кырдаал мисал болот десек жарашат. Өзгөчө аял затына карата жасалган мамиле катаал.
Мына Афган бийлиги талиптер кыз-келиндердин илим-билим алышына, мамлекеттик кызматта иштешине тыюу салды. Бул эми түркөйлүк да. Кризис, ачарчылык болсо кекиртектеп турат.
Дал ушул жол менен Түркмөнстан баратат. Аялдардын укуктарын одоно чектеген бир нече мыйзамдар кабыл алынган. Алсак, турмушка чыкпаган, күйөөсү жок кыз-келиндерге машина айдоого тыюу салды. Сулуулук салондорун жапты. Тырмак, чач боёну тыйды. Студенттерди коёндой окшош формада кийим кийүүнү милдеттендирди. Айтор, өткөн доорго жол алды.
Бизде дагы аялдар ачык кийинбеш керек, атыр себинип көчөгө чыкпасын деген диний көз карашын таңуулашкан радикалдашкан топтор жыландын башын кылтыйтып соцтармакта үгүт жүргүзүп жатышат. Кооптуу тенденция өкүм сүрүүдө. Мындайларды ооздуктоо зарыл. Антпесе, эртең эле Афганистан менен Түркмөнстан болобуз. Андан кеч болуп калат. Билим, илим гана өлкөнү өнүктүрөт. Коомду алдыга сүрөйт.
Булак: NazarNews.kg