www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Еревандын Армения Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) машыгууларын өткөрбөй турганы тууралуу билдирүүлөрү тактала турганын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Песковдун айтымында, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын 2023-жылы ЖККУнун машыгууларын өткөрүүдөн баш тартуу тууралуу билдирүүсү “бир кыйла жаңы”, ошондуктан уюмдун мүчөлөрү Еревандын позициясынын чоо-жайын тактоо үчүн байланышып турмакчы.
"Кандай болгон күндө да, Армения биздин абдан жакын союздашыбыз, биз диалогду улантабыз, анын ичинде учурдагы өтө татаал маселелерди дагы", - деп ишендирди орус лидеринин маалымат катчысы.
Ал эми, ЖККУнун басма сөз кызматы өз кезегинде машыгуулар башка жерде да өтүшү мүмкүн экенин билдирди.
2023-жылы Армениянын аймагында ЖККУнун “Бузулбас бир туугандык-2023” машыгуулары өтүшү керек болчу. Бирок, 10-январда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЖККУнун машыгуулары өлкө аймагында өтпөй турганынын билдирди.
2022-жылы Армениянын премьер-министри ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясына кол коюудан баш тартып, муну Азербайжандын Армениянын аймактык бүтүндүгүнө каршы “агрессиясына” уюм тарабынан саясий баа берилбегени менен түшүндүргөн. 10-январдагы маалымат жыйынында Пашинян орус бийлигин Арменияны Тоолуу Карабак менен байланыштырган жол өткөн Лачин коридорунун үзгүлтүксүз иштеши боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга чакырды.
Булак: NazarNews.kg