www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистан Пакистанга сокку урду

Афганистан Пакистандын аскерлерине сокку урду. Бул тууралуу Geo телеканалы билдирди.

Кагылышуудан 7 адам каза болуп, 40 киши жарадар болду.

«Талибан» бул аракеттерди Пакистан Афганистандын аба мейкиндигин бузуп, анын аймагындагы базарды бомбалагандан кийинки «жооп иретиндеги операция» деп атады.

Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви афгандыктардын чабуулдарын «себепсиз» деп атап, аларды карапайым калкка ок чыгарган деп айыптады. Ал Пакистандын күчтөрү Афганистан тараптан болгон соккуларга жооп берерин эскертти.

Исламабад Кабулду Пакистандын аймагына кол салган террорчуларды жашырууда деп айыптоодо. «Талибан» бул айыптоолорду четке кагууда. «Би-Би-Синин» маалыматы боюнча, эки тарап тең Пакистандын Куррам округунда ок атуучу куралдарды жана артиллерияны колдонушкан.

Последние новости