www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяланды

Кыргыз тили, тарых жана география окуу китептеринин авторлорун жана иштеп чыгуучуларын тандоо үчүн ачык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Сынак министрлик менен «Окуу китеби» басма үйү тарабынан мектеп окуу китептерин жаңыртуу жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында өткөрүлөт.

Сынакка кимдер катыша алат:

Мектептердин, жогорку окуу жайларынын жана колледждердин окутуучулары;

Педагогика, филология, тарых жана география боюнча методисттер, изилдөөчүлөр жана адистер;

Окуу китептерин жана окуу-усулдук материалдарын иштеп чыгууда тажрыйбасы бар авторлор;

Инновациялык ой жүгүрткөн жана окутуунун заманбап усулдарын колдонгон жаш педагогдор.

Сынак 2025-жылдын 10-октябрынан 30-ноябрына чейин эки этапта: сырттан жана түз тандоо түрүндө өтөт.

Последние новости