www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-сентябрындагы буйругу менен түзүлгөн экспедиция тарабынан Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздар үчүн гуманитардык жүк жеткирилди.
Экспедициянын жүрүшүндө памир кыргыздарына 20 тонна ун, 4 тонна кумшекер, 4 тонна макарон жана башка азык-түлүк продуктулары, ошондой эле 20 метр куб жыгач, 120 даана темир меш, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жеткирилди.
Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памирге аталган гуманитардык жүк 7 оор жүк ташуучу унаа менен жеткирилген, жүктүн жалпы салмагы болжол менен 60 тоннаны түзөт.
Памирлик кыргыздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана жалпы кыргыз элине көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.
Экспедицияга Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле дарыгер-кардиолог, педиатр, акушер-гинеколог жана Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын чыгармачыл тобу катышты.
Булак: NazarNews.kg