www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибандын жетекчилиги (БУУнун чечими менен тыюу салынган уюм) өлкөдө аялдар үчүн сулуулук салондору жабылганын жарыялады деген маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдирди Талибандын Доха шаарындагы саясий кеңсесинин башчысы Мохаммад Сохайл Шахин. 

Кечээ, 10-январда бир катар маалымат каражаттары ооган талиптеринин жетекчилиги он күндүн ичинде өлкөдө аялдар үчүн сулуулук салондорун жабуу тууралуу жарыялаганын кабарлашкан.

Кошумчалай кетсек, талиптер кыздарга соода борборлорунда иштөөгө тыюу салганы да айтылган.

Белгилей кетсек, Талиптер 2021-жылы августта бийликке келгенден кийин аялдардын укуктарын сактоого убада берип, бирок көп өтпөй аларга карата түрдүү чектөөлөрдү киргизе башташкан.

2021-жылы сентябрда алар университеттер үчүн жаңы эрежелерди киргизишкен: эркектер менен кыздар өз-өзүнчө окуп, бардыгы талиптердин түшүнүгүндөгү исламдын эрежелерин сактап кийинүүгө милдеттендирилген.

Мындан тышкары, жаңы өкмөт 20 жылдан бери иштеп келген Аялдар иштери боюнча министрликти жоюп, кыздардын мектептеги окуусун чектеп, аялдырдын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салып, телеканалдардагы алып баруучуларды эфирге хижаб кийип чыгууга милдеттендиришкен.

Өткөн аптада болсо Билим берүү министрлиги студент кыздардын мамлекеттик жана жеке университеттерде окуусуна тыюу салган.

Министрлик кыздардын светтик университеттерде билим алуусу исламдын мыйзамдарын бузуп, ислам салттарына каршы келерин билдирген.

Декабрдын соңунда аялдарга улуттук жана эл аралык бейөкмөт уюмдарда иштөөгө тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости