www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эли Иран, Афганистан, Сирия, Ливиянын жолу менен бара жаткандай сезилет. Мындай пикирин жарандык активист Мавлян Аскарбеков NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

-- Мавлян мырза, арабдардын атын жаңы туулган ымыркайларга коюу  адатка айлана баштады. Минтип отурсак, кыргыз деген улутту жоготуп албайбызбы?

-- СССР доорунда кыргыздарда Союзбек, Съездбек, Космос жана башка ысымдар популярдуу болду эле, азыр араб аттар статистика боюнча эң көп. Ал эми ырчы, чоорчулардын паранжа кийип, жоолук салынуусу динди жайылтуу технологиясы десек болот. 

Бизди өз тарыхыбыздан, рухубуздан, тили, дилибизден, үрп-адат, каада-салттарыбыздан ажыратып, манкуртташтыруу саясаты бүгүн да уланууда. Фанатизм менен радикализм коомубуздун маргиналдуу тобун ээлеп, жапырт элди курчап жатат. Жаштарды билим, илим, маданият, прогресстен ажыратып, кооптуу багыт менен алып кетип жатышат. Сирия, Ливияга кеткендердин саны өсүп, ал жакта радикалдашып, кайтып келип, коомубузга чоң бүлүк сала турчу топтор түзүлүүдө. 

Бүгүнкү диний абалды анализдеп, эртеңки күнгө прогноздорду жасап, алдын ала чараларды, чечимдерди көрчү кадрларды бийликтен көрбөй турам. Иран, Афганистан, Сирия, Ливиянын жолу менен бара жаткандай сезилет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости