www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда Конституциялык сот “Казакстан Республикасынын биринчи президенти – Элбасы жөнүндөгү” мыйзамды жараксыз деп тапты. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Конституциялык сотунун сайтында жазылды.

«Конституциялык сот республика парламентинин депутаттарынын тобунун Казакстан Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 4-пунктуна расмий түшүндүрмө берүү боюнча кайрылуусун карады», — деп айтылат маалыматта.

Конституциялык сот арызды карап чыгып, мындай чечим чыгарды:

«Казакстан элинин 2022-жылдын 5-июнундагы республикалык референдумда Казакстан Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 4-пунктун жана башка ченемдерин алып салуу жөнүндөгү эркине таянып, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясы Казакстан Республикасында "Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти - Элбасы жөнүндө" Казакстан Республикасынын Конституциялык Мыйзамын Казакстан Республикасынын колдонуудагы мыйзамында сактоо үчүн укуктук негиздер жок, ага байланыштуу ал жараксыз деп таанылууга тийиш".

Чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет, Казакстандын бүткүл аймагында милдеттүү, акыркы жана даттанууга жатпайт.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости