www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Балыкчы шаарында катуу шамалдан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда бардык тиешелүү бөлүмдөр өзгөчө кырдаалдарга даярдыктын күчөтүлгөн режимине өткөрүлдү. Бирок өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча буйрук болгон жок", - деп түшүндүрүштү Балыкчы шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, Балыкчыда термометрдеги көрсөткүч -14 градуска чейин түшкөн, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жетүүдө, абанын нымдуулугу – 70%.

Эске сала кетсе, бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары катуу шамалга байланыштуу Балыкчыда өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигин жазып чыгышкан.

Последние новости