www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев массалык башаламандык уюштурууга шектүү делип кармалып, учурда камакта отурган 20дан ашык адамды бошотуусун айтып, Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевге кайрылды.
Анын айтымында, эки айдан бери алар суракка чакырыла элек.
"Ошол чайга мен да катышкам. Бийликти басып алуу боюнча сөз болгон эмес. Мен сизге расмий түрдө кайрылып жатам", — деди Масалиев.
Башкы прокурордун орун басары Ишеналиев учурда тергөө иштери бүтө элек экенин билдирди.
"Тергөөнүн мөөнөтү бар. Ошол убакыттын ичинде чечим кабыл алынат", — деп жооп берди Ишеналиев.
Масалиев өз кезегинде: “Сиз маянаны эмне үчүн алып жатасыз? Конституцияда силерге кандай укук берилген? Силер прокурор катары көзөмөлгө алышыңар керек. Биздин жарандарды эркиндикке чыгаргыла”, — деди.
Эскерте кетсек, кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.
Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.
Булак: NazarNews.kg