www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистанда хиджабчан аялдардын билим алууга, иштөөгө мүмкүнчүлүгү болот, АКШ өлкөнүн маданиятын өзгөртүүгө аракет кылбашы керек. Мындай билдирүүнү "Талибан"* кыймылынын өкүлү Сухейль Шахин жасаганын РИА Новости жазды.

"Аялдардын укугу сакталат. Аларда окуганга жана иштөөгө мүмкүнчүлүк алышында маселе жаралбайт. Бирок биз (Афганистан жана АКШ — ред.) бири-бирибиздин маданиятыбызды өзгөртүүгө аракеттенбешибиз керек. Силердин "хиджабы жок аялдардын билим алууга укугу болушу керек" деген сөзүңөр маданиятты өзгөртүүгө болгон аракет. Мындайга жол берилбейт. Биздин маданиятыбызда алар (аялдар – ред.) хиджаб кийип гана билим алып же иштей алат", — деген Шахин Fox News телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып.

Буга чейин "Талибан"* кыймылынын жогорку даражадагы өкүлү аялдын милдеттүү түрдө кие турган формасын ислам дин аалымдарынын кеңеши чече тургандыгын айткан эле. Бирок муну менен катар талибдер аялдын денесин толугу менен жаап турган кийим эмес, хиджабчан жүрүшүн – бети ачык болуп, бирок жоолук оронушун талап кылышарын билдиришти.

Талибдердин өкүлү Забиулла Муджахид Афганистандын жаңы өкмөтүндө министр аялдардын болбой тургандыгын мурдараак билдирген. Мындай билдирүүлөр жасалгандан кийин Кабул менен Гератта аялдар демонстрацияга чыгып, Афганистандын жаңы өкмөтүндө министрлердин катарында аялдардын болушун талап кылышты.

Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коё баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти. Муну менен Афганистандагы АКШнын аскер күчтөрү жүргөн мезгилдин мөөнөтү аяктады.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости