www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Рыскелди Момбеков таксистти сабоого шектелүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жана анын жан сакчысы таксистти сабоого шектелүүдө. 

Алдын ала маалыматка караганда, окуя кечээ, 3-сентябрда «Россия» кинотеатрынын жанында болгон. Чырдын чыгышына айдоочулардын жол талашып кеткени себеп болгон.

Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады.

«Милицияга окуя тууралуу маалымат кечки саат 17:00 чамасында келип түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барышкан жана «БМВ» унаасынын айдоочусу — 1994-жылы туулган С.И.ни милиция бөлүмүнө алып барышкан. Ал жерде С.И. сабалганын айтып, Рыскелди Момбеков жана анын жан сакчысынын үстүнөн арыз жазган.

Аталган факт Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) менен КЖБРга катталды.

С.И.ге соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости