www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адистер белгилегендей, жыл сайын альтернативдүү энергияны өндүрүүнүн наркы төмөндөп, технологиялар ишенимдүү жана жеткиликтүү болуп бара жатат.

Өндүрүлгөн энергия булактары энергетика рыногунда суроо-талап өскөн жалгыз сегмент болуп калды. Бул тууралуу “Жашыл демилге” долбоорунун координациялык тобун жетектеген Европалык бизнес ассоциациясынын (ЕБА) Энергетика комитетинин төрагасы Эрнесто Ферленги билдиргенин “Известия” жазды.

Анын айтымында, өткөн жылы негизги энергия булактарына талап азайган.

“2020-жылы негизги энергия булагы болгон мунайга 10 пайыз, көмүргө 7 пайыз жана табигый газга 3,3 пайызга суроо-талап азайган. Ошол эле учурда энергия алуучу булактар суроо-талаптан өскөн (0,9 пайыз) жалгыз сегмент болуп калды”, — деген ал.

Ферленги кошумчалагандай, жыл сайын альтернативдүү энергияны өндүрүүнүн наркы төмөндөп, технологиялар ишенимдүү жана жеткиликтүү болуп баратат.

Анын айтымында, жыл боюнча алганда күн нурунан энергия өндүрүү наркы өткөн жылы 7 пайызга, шамалдан алынган энергия (деңиздин тайыз зонасындагы станцияларда алынган) – 9 пайызга, ал эми жердеги шамалдан өндүрүлгөн энергия 13 пайызга төмөндөгөн.

Ошол эле учурда, ЕБА энергияны өндүрүү булактарынын үзгүлтүккө учурашы жана аларды сактоо көйгөйү менен байланышкан өзүнүн чектөөлөрү бар экенин түшүнөт. Ферленги салттуу булактар, эң оболу табигый газ алдыдагы 10 жылда энергетикалык баланста олуттуу роль ойной берет деген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости