www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кээ бир өлкөлөрдүн пандемияга байланышкан нерселердин бардыгын саясатташтыра бериши чоң катачылык, себеби бүт дүйнө вакцина менен коргоно алган жок, бул бумеранг болуп кайтып келет. Мындай пикирин Россия президенти Владимир Путин Ыраакы Чыгыш федералдык университетинде өткөн Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатканда айтты.

"Менин көз карашымда бардыгын унутуп, артка таштап салып туруп пандемия жана анын кесепети менен күрөшүү андан дагы маанилүү. Бул адамзат үчүн болуп көрбөгөндөй мааниге ээ", — деген Путин.

Белгилей кетсек, окумуштуулар, илимпоздор коронавирусту алсыратыш үчүн планетанын жашоочулары сөзсүз түрдө вакцина алышы керектигин тынбай эскертип келет. Ал тургай эки башка өндүрүштөн чыккан вакциналарды айкалыштырып алуу туурасында да айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости