www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Афганистандын Борбор Азия өлкөлөрү менен соода көлөмү 2,6 млрд долларга жетип, жогорку динамиканы көрсөткөн. Анын ичинде афган продукциясынын экспорту 77%га өскөн.
TOLOnews порталынын маалыматына ылайык, аймактан товар импорттоо 43%га өсүп, 2024-жылдагы 1,68 млрддан доллардан 2025-жылы 2,6 млрдга жеткен. Негизги өнөктөштөр катары Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан эсептелет.
Министрликтин расмий өкүлү Ахундзада Абдул Салам Джавад экспорттун 75%дан ашык өскөнү Афганистандын тарыхында өзгөчө мааниге ээ болгонун белгиледи. Анткени өлкө мурун негизинен сырттан сатып алуу менен чектелген.