www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тенгиз Бөлтүрүк чээнден чыкты

Акыркы күндөрү Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдүн айланасындагы окуяларды козгоп “обон” созо баштады. Түпкүлүгүндө Кумтөр боюнча кандайдыр бир жашыруун сырдын бетин ача албай, кимгедир коңгуроо кагып жаткандай таасир калтырат. 

Сыягы, мен бармын деген таризде соодалашууну көздөп жатканы байкалат. Кезинде ишенип берилген милдетти, мүлктү жеке менчигиндей пайдаланып, натыйжада коррупцияга айыпталып камалган ич күптүүсү жанына тынчтык бербей жаткандай...  

Айтор, Кумтөр тууралуу эски кассетаны айландырып, ток этерин айта албай кыйналууда. Натыйжада, “дагы деле мен керекке жарайм, Кыргызстанда менден өткөн кваливикациялуу адис жок” дегендей сөзүнүн төркүнүндө, “мага көңүл бурулуп, мени ыраазы кылбасаңар болбойт, менде чуулуу материалдар жетиштүү” деген таарыныч кылтыйып чыгып турат. 

Андыктан жөн эле жерден, чээнден чыга калып жаткан жок. Шыкакчы болгон бирөө бар. Болбосо учурдагы чайпалып турган саясий кырдаалдан пайдаланып, “кардан ак, сүттөн таза периште” көрүнүү максатында өзүн реаблитациялоого жан үрөп жатат.

Последние новости