www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мектептердин биринде окуучуга эскилиги жеткен окуу китеби берилгени тууралуу маалымат тараган. Буга байланыштуу Агартуу министрлиги түшүндүрмө берди.
Министрликтин өкүлү Мелисбек Музулмановдун айтымында, мектептерде тытылган, эскилиги жеткен жана санитардык талаптарга жооп бербеген окуу китептерин колдонууга жол берилбейт.
Ал белгилегендей, ата-энеге кийинки күнү талаптарга жооп берген жаңы китеп берилген.
Учурда Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү жүрүп жаткандыктан, мектептерде 11 жана 12 жылдык окуу программаларынын китептери катар колдонулууда.
Министрликтин маалыматына караганда, 2030-жылга чейин окуу китептерин жаңы программага толук ылайыкташтырып, мектептерди жетиштүү нускадагы китептер менен камсыз кылуу пландалууда.