www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 140 миң доллар өлчөмүндөгү алдамчылыкка шектелген аял кармалды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-августта милицияга аял кайрылып, июнь айында К.А. аттуу жаран чет өлкөдөн товар алып келип, аны кайра сатууга көмөктөшөрүн айтып, андан 140 миң доллар алганын билдирген.

Бирок шектүү алган милдеттенмесин аткарбай, товарды алып келген эмес жана акчаны кайтарып берген эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн жана жүргөн жерин аныкташкан. Ал 1982-жылы туулган К.А. аттуу аял экени белгилүү болгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция кармалган аялдын аракетинен жабыркаган башка жарандар болсо, ички иштер органдарына арыз менен кайрылууну же төмөнкү телефондор аркылуу маалымат берүүнү өтүндү: 0779 209 945, 0700 209 945.

Последние новости