www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жабык жайлардагы кыйноо жана ырайымсыз мамиле маселеси президент Садыр Жапаровдун акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушуусунан кийин кайрадан коомчулуктун көңүлүнө чыкты.
Маселенин көтөрүлүшүнө абактарда отурган активисттердин жана саясатчылардын адамгерчиликсиз мамиле, кысым жана укуктарынын чектелиши тууралуу даттануулары да себеп болууда.
2025-жылы Башкы прокуратура 188 кыйноо фактысын каттаган. Бирок алардын ичинен 15 гана кылмыш иши козголуп, бешөө сотко жеткен. Укук коргоочулар мындай көрүнүш кыйноо фактыларынын жазасыз калышына жана ырайымсыз мамиленин күчөшүнө алып келиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Адистердин айтымында, көйгөйдү чечүү үчүн кыйноо фактыларын укук коргоо органдарынан көз карандысыз иликтей турган натыйжалуу механизм керек.