www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мектептеринде окуучулардан жана ата-энелерден негизсиз акча каражатын чогултууга тыюу салынат.

Бул тууралуу Агартуу министрлигинин Укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Дүйшөн Акимжанов билдирди.

Анын айтымында, мектеп жетекчилери же кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталса, Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчилик каралган.

Ошондой эле акча чогултуу демилгеси ата-энелер тарабынан көтөрүлгөн учурда да мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу каралган.

Министрликтин маалыматына ылайык, мектептерде негизсиз акча чогултууга президенттин 2023-жылдын 26-майындагы №136 жарлыгы жана «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 48-беренеси менен тыюу салынган.

Последние новости