www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы, Ахматбек Келдибеков маркум Молдомуса Конгантиевдин жакындарына көңүл айтты.

Белгилүү коомдук ишмер, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин дүйнөдѳн өткөндүгүнө байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Мен кыргыз саясатында көп саясатчыны билем. Бирок сөз менен эмес, иш жүзүндө кыргыз үчүн жүрөгүн сууруп берчү саясатчылар санаалуу гана алардын бири Молдомуса Ташболотович болчу. Ал киши сүйлөсө да, иш кылса да, жада калса унчукпай турса да кыргыздын духу сезилип турчу.

Молдомуса Конгантиев жашап өткөн өмүр накта элдин, жердин өмүрү болду. Улуу тоонун уулу ар дайым, бийикте, таза, нукура, аруу, салабаттуу жашады. Молдомуса Конгантиев өлгөн жок. Ал акыркы сапарга өз принциптерине бекем турган, намыстын желегин көтөрүп кетти, - дейт Келдибеков.

Последние новости