www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК депутаты Надира Нарматова, маркум Молдомуса Конгантиевдин жакындарына көңүл айтты.

--Аттаганат десе...."Кыргыздан жакшы сөз угуш үчүн, сөзсүз өлүп бериш керек"- деген сөз акыйкат. Өз мезгилинде кадырына жете албадык. Билимин, тажрыйбасын, мекенчилдигин, эр жүрөк кыргыздын мыктысын, чыныгы кыргыздын мырзасын, кесипкөй элдик генералдын кадырына жетпедик.

Баралына келип турганда пайдаланбай, он жылдап жектеп келдик. Чыныгы генералдын ордуна жасалма генералдарды пайдаланып, мактап турдук. Атаганат пейилдин бузулганы өкүндүрөт. Учурунда калыс сөздү айтканга жарабадык.

Эми мына жок. Келбес, кайтпас жака арманы ичинде кетти. Көзү көрбөй кулагы укпай, сезими туйбай, жүрөгү сокпой калганда, кыйраткансып, "жакшы эле, мыкты эле, чыныгы генерал ж.б."- деген сөздөрдү жабалактап айта баштадык. Уялгыла, андан көрө тообо кылып пейилди оңдойлу. Укпайт, көрбөйт, сезбейт, бүттү.

Кудай бар бардык кара өзгөйлөргө, ичи тар, көрө албастарга. Бейкүнөө токмоктогондорго, жалаа жапкандарга, кадырын тебелегендерге жараткан өз баасын берер... Кудайдын таразасынан, Кудайдын баасынан эч ким качып кутулган эмес. Айла жок.

Бейишин берсин. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Билип-билбей жасаган күнөөлөрү болсо кечирип, сурактарын жеңил кылып фирдаустун төрүнөн орун берсин.

Балдарына, үй бүлөсүнө, жакындарына сабыр, канаат берсин! – деди депутат Надира Нарматова.

Последние новости