www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Украина ортосундагы геосаясий кырдаалдын курчушуна байланыштуу Европа менен Азиянын көптөгөн өлкөлөрү өз жарандарына Украинадан токтоосуз чыгып кетүүнү суранууда. Кечээ, 11-февралда, АКШ биринчилерден болуп Киевдеги элчилигинин маанилүү эмес кызматкерлерин өлкөдөн дароо чыгып кетүүнү талап кылган.

АКШнын президенти Жо Байдендин айтымында, Орусиянын Украинага жасаган чабуулу ачык жана “аймактагы кырдаал жакында начарлайт”. Байден атүгүл эки өлкөнүн ортосундагы согуштун так качан болорун жарыялады. Ак үй Орусия 16-февралда Украинага чабуул жасай турганын билдирди.

Америка Кошмо Штаттарынын артынан бир катар өлкөлөрдүн расмийлери да өз жарандарына Украинадан токтоосуз чыгып кетүүнү сунуштоодо.

Британ өкмөтү "Орусия коркунучунан улам Украинага баруу сунушталбайт" деп билдирди.

Голландиянын Киевдеги элчиси Йеннес де Мол мекендештерине Украинадан чыгып кетүүгө кеңеш берди. Ал кошумчалагандай, азырынча жарандарды борборлоштурулган эвакуациялоо пландала элек. Украина Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалгандай, Украинанын Орусия жана Белоруссия менен чектешкен аймагынын 10 чакырымы кызыл сызык менен белгиленген, ал жерде коркунучтун деңгээли жогору.

Финляндиянын, Латвиянын, Түндүк Македониянын, Черногориянын, Жапониянын жана Түштүк Кореянын тышкы иштер министрликтери да өз жарандарына Украинадан чыгып кетүүгө кеңеш беришти.

Жапония менен Түштүк Корея Украинадагы коркунучтун деңгээлин кызыл деп баалашты. Расмий Сеул кооптуулуктун деңгээли 4-деңгээлде экенин айтып, Украинанын бардык аймактарына барууга тыюу салды.

Маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, бул арада Израилдик дипломаттардын үй-бүлөлөрү Киевден эвакуацияланган. Норвегия да өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырды. Кошумчалай кетсек, Осло Украина менен чек арадан 250 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Орусиянын аймагына кирбөөгө кеңеш берет.

Бехруз Саидов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости