www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул жалганда тээ илгертен айтылган кеп бар “кыздын көркү чачында” - деп. Ооба, ургаачы жанды эркектен айырмалап турган, анын узун чачы экенин танып болбойт. Узун чач чынында эле аял затынын көркүн ачат го чиркин! Чачтын узуну керек болсо тиги дүйнөгө барганда дагы чоң жардамы тийет деп айтылат. Айткандай эле аял заты көз жумганда, көрдүн ичинен чачы менен эки эмчегин кудум кийим менен жапкандай жаап коёт. Ошондо сурак жеңил болот деп да айтылат. Чынында эле аялуу жана уятуу жерди жапкан чач. Илгери чачтын узунунан төө чечмей оюнга катышкан аялдар болгон.
Бирок заман жаңыланганы менен баары өзгөрүлүп, чачты бага албай калгандар суу кечпеген шылтоону айтып, жеңил жашоого ыктаганын жашырып болбойт. Ооба, жалкоонун шылтоосу көп. Ар ким айтса ал туура боло берет. Эмесе сөз кургак болбос үчүн бир болгон окуяга токтолсок.
Нуркамил байдын жалгыз баласы. Учурда кимдин баласы менен кимдин кызы барктуу жана сөзү өтүмдүү, албетте байдын жана акчасы мол адамдын. Атакелеринин баа-баркы менен көздөрү ала-чакмактап жүргөн байдын балдары кымбат баадагы машина минип, кыз жактырбай бой жүргөнү канча.
Нуркамилдин жашы отузду чапчыса дагы али бойдок. Мунун себеби, оюндагыдай кыз таппай жүргөнүн жашырып болбойт.
Күнгө ишемби. Машинасын жылтырата жуудуруп, Чүй көчөсү менен келе жатып, айтылуу филармониянын аялдамасынан чачы узун кызды көзү чалып калды да, дароо тормозду тээп, машинасын тык токтотуп, Айганыштын жанына басып келип, анын турган турпатына кызыгуусу арта карап калды. Баарынан кыздын узун кара чачы көзүнө бир укмуштай жагымдуу көрүнүп, кадамын алдыга таштап кыздын жанына келип, капчыгынан бир купюра миң сомдукту алып чыгып кызга сунду да:
- Чоң кыз, сунган колду суутпай алып коюңуз. Мага сиздин чачыңыз абдан жагып калды. Жакшы шампунь алып жууп жүрүңүз, чынын айтсам сиз чачты бага билген, кадырына жете билген жан экенсиз - деди.
Дайыма узун чачынын дарегине жакшы сөз уккан Айганыш күлө карап:
- Ыракмат, сизге, чачты сыйлаганыңызга - деп, жагымдуу жылмайганда кыздын бул элеси Нуркамилдин жүрөгүндө сакталып калды. Бирок кыз көпкө турбай биринин артынан бири келген маршруткалардын бирине түшүп кетип калды. Ушул жашка чыкканы сулуунун көркү чачында экенин Нуркамил билген эмес эле. Аттиң, айтып койгондон оңой эмне бар. Бирок чын эле узун чачтын дагы түйшүгү, аны күндө эринбей тарап, жууп турган канча убакытты алат. Азга турган Нуркамил машинасына олтуруп, кыз олтурган маршрутканын артынан айдады.
Жөн жерден миң сомдуу болгон Айганыш, Ош базарынан түшүп калып, базарды көздөй басканда артынан Нуркамил жете келип, кызды жандай басып:
- Чоң кыз, сиз абдан сулуу экенсиз. Мен сиз менен таанышып, ысмыңызды билбесем жаным жай алчудан эмес - деди. Кыз бала үчүн, өзгөчө жаш жигиттен жагымдуу сөз уккан кандай маанайды көтөрөт. Анткен менен Айганышка дагы Нуркамилдин колу ачык, шар мүнөзү жагып калган. Аппак болгон колун сунуп таанышкан соң, экөө эски тааныштардай сүйлөшүп кетишти. Албетте сөздүн уланышына Айганыштын узун чачы себеп болгонун танып болбойт эле. Чынынды эле кыз жакпаган Нуркамилге, Айганыш узун чачы менен жагып калганына жана экөөнүн тил табышканына дагы чач жардамга келгенин жашырып болбойт болучу. Ооба, чынында эле эркектер көз менен сүйөт эмеспи. Арадан туура бир ай өтпөй экөөнүн үйлөнүү тою “Алтын Ажыдаар” ресторанында өттү. Тойго келген конокторго алгач Айганыштын узун чачы көрүнүп, көңүл төрүнөн орун алып, көпчүлүктүн көзүнө илинди.
“Аялдын жакшы чыкканы эркектин багы” деп айтылат эмеспи. Көпкө чейин үйлөнбөй жүрүп, чачы узун кызга үйлөнгөн Нуркамилдин тааныштары Айганышка үйлөнгөнүнө ыраазы болуп турушту.
Эх, бул жашоодо адам баласы дайыма кооздукка арбалары чын. Той аяктаганга чейин баары кыздын чачынан көздөрүн алышкан жок.
Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg