www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ болгон чек ара чырына байланыштуу коомчулукта бийлик тарапка нааразычылыктар көп болуп жатат. Бийликтин шалаакылыгынан улам ушундай окуялар катталып жатканы чын. Ошондой бийликке нааразычылыгын билдиргендердин бири, “Жаш-Күч” спорттук клубунун машыктыруучусу Айбек Мусаев да өзүнүн Фейсбук баракчасына өз оюн жазган. Анын жазгандарын төмөндө сунуштайбыз.

“Оо, бийлик башчылары, Оо, Жогорку Кеңеш! Чек ара маселесин биринчи орунга коюп, көйгөйдү чечпесеңер болбой калдыыы. Аз-аздан атышып жатып чоң согушка айланып кетсе жаман болот.

Силер го Америка, Россия, Турция, Дубайга качып кетесиңер, эл эмне болот? Жер эмне болот? Дүнүйөңөр эмне болот? Кыргызстанда дардаңдап ким крутой болот? Элиталар эмне болот? Ак үйдө кимдер олтурат? Гектар-гектар жерлериңер, хан сарайларыңар, үйүр-үйүр жылкы, мал-калиңар, элде жок машиналарыңар эмне болот? Кафе, ресторан, бизнестериңер эмне болот? Хотя бы, ошонуңарды ойлоп чек ара маселесин чечип, согушка жол бербегиле. Элди-жерди ойлобосоңор да өзүңөрдү жана дүнүйөңөрдү ойлоп койгула. Элге тынччылык жана стабилдүүлүк керек. Силерден элге башка эчтеке деле керек эмес. Кайран эл өзү менен өзү...», -дейт Айбек Мусаев.

 Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости