www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөөл бийликтердин тагдырынын кайталанышын биз каалабайбыз. Анткени өлкөбүздүн өнүгүп-өсүп, гүлдөшүн көргүбүз келет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов билдирди.

«Негизи жеке мен, тигил же бул бийликти жамандоодон алысмын. Бирок, ойлонуп көрсөм биздин азыркы жашоо деңгээлибизге, 3 жолку бийлик алмашууга, өлкөнүн учурдагы кейиштүү экономикалык абалына өлкө башкаруучусунун «тегерегиндегилер» күнөөлүү экенине ынанып баратам.

Туура эмес маалыматтарды жеткирип, жеке амбицияларынан улам бирөөнүн ийгилигин жактырбай, жаратман жаштардын эл үчүн деп алдыга койгон кадамдарын чалынтуу максатында, сага жакшы эле пикирде жүргөн адамдардын оюн өзгөртүүгө жетишет тура.  Кантели эми, инсанбыз да, адашуучубуз. Бирок, өткөөл бийликтердин тагдырынын кайталанышын биз каалабайбыз. Анткени өлкөбүздүн өнүгүп-өсүп, гүлдөшүн көргүбүз келет. Ошону менен бирге элибиздин кең келечеги үчүн алгылыктуу салым кошкубуз келет. Ал үчүн бизге бийликтин жөн гана колдоосу керек эле…  Дооронбек Садырбаев агабыздын сөздөрү тилекке каршы эсиме келип кетти…

Учурда деле артынан адам салуу, коркутуу-үркүтүү, адилетсиз кадамдар улангандай…

Ош шаарында өткөн шайлоодогу элибиздин колдоосу менен жараткан жетишкендигибиз кээ бирөөлөргө жакпагандай. Эртен кокустан эле биздин партиябызды тизмеден алып салса деле таң калбай калдым! Андай болсо бардык партияларга мыйзам бирдей иштесе жакшы болмок!», - деп белгилеген депутат Осмонов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости