www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Instagram социалдык тармагында Бишкектеги филармониянын артында өспүрүм кыздын башы табылды деген маалымат тараган.

Белгилей кетсек, бул маалымат өспүрүмдөрдүн белгисиз баракчалары арасында таратылган. Далил катары, бейтааныш бир кыздын видеосу келтирилген, анда полиция кызматкерлери ага келип, өлтүрүлгөн аялдын сүрөтүн көрсөтүп, андан кийин аны тааныйсызбы деп сурашкан.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган маалымат экендигин билдирди.

Филармониянын аймагынан эч кандай адамдын же өспүрүмдүн башы табылган жок, ал эми полиция кызматкерлери жөн эле өтүп бараткандардын арасында идентификациялоо иштерин жүргүзүшпөйт.

Белгилей кетүүчү нерсе, билип туруп жалган маалымат тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости