www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сөз эркиндиги деп эле мамлекетке бүлүк сала турган иштерди жасатууга жол бербешибиз керек», - деди бүгүн, 17-июлда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.

- Рамазан агай, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин президентти атайылап шылдыңдап, жаманатты кылган адамдарга карата чара көрүү керектигин айтып чыкканы коомчулук ар тараптуу кабыл алышты. Өлкө башчысын өзүбүз сыйлашыбыз керекпи же сөз эркиндиги деп эле  шылдыңдап асыла беришибиз керекпи?

- Президентти жана жооптуу кызматтарды аркалаган чиновниктерди сындап, шылдыңдагандарды, каралагандар күч алды. Аларды сөз эркиндигинен пайдаланып кыргыздын душмандары жаздырып жатат. Тагыраагы, кечээги маалымат жыйынында Камчыбек Ташиев атын атагандар эле бийликке терс коомдук пикир жаратуунун айласын көрүп, атайылап жаздырып жатышат. Мындай каралоолор менин башымдан даалай өткөн. Ошон үчүн кимдер, эмне максатта уюштурушуп жатышканын жакшы билем. Тагыраагы, акаевчилер мындай нерселерди уюштурганга уста. 2000-жылы акаевдер «вечерний бишкекке» менин бүт биртуугандарымды коррупцияга аралашкан деп чындыкка дал келбеген маалыматтарды чыгарышкан. Ал маалыматты ОБСЕнин Бишкектеги башчысына жана Венадагы ОБСЕнин делегациясына чейин таратышкан. ОБСЕнин жетекчилиги текшерип, жалган экендигин билгенден кийин ОБСЕнин Бишкектеги башчысын кызматтан алышкан. Булар Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди жаман атты кылыш үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдонушат. Ошон үчүн Орхон Ынанды жоголгондон баштап өзгөчө ызылдашып, күн сайын митингге чыгышып, төңкөрүш жасаганга аракет кылышты. Социалдык тармактарды дагы аябай колдонушту. Ошон үчүн кечээги пресс-конференцияда Ташиев катуу эскерти.

- Ташиевдин бул аракети сөз эркиндигин муунтуу болбойбу?

- Муунтуу болбойт, бирок жоопкерчиликти сездирет. Сөз эркиндиги деп эле мамлекетке бүлүк сала турган иштерди жасатууга жол бербешибиз керек. Туура, президент айткандай сөз эркиндиги керек. Бирок, кылдаттык менен талдоо жүргүзүш керек. Президент да, анын кол алдындагылар да кимдин ким экенин баамдап турушу керек. Эмнегедир президенттин пресс-секретары кашаңдык кылып, көп учурда реакцияны кеч кылып жатат. Ошон үчүн президент бул маеслени кайра карап, татыктуусун ишке тартышы керек. Нургазы Анаркуловду эле кызматка тартканы оң. Анткени, ал иштеп турганда азыркылардан кыйла жакшы иштеген. Азыр тиреш күчтүү болуп, бийликти жоготтууну каалагандар күч алып турганда булар да мааалыматтык жактан утулуп калбашы керек. Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди душман кылып алган коррупционерлер, буларды түрдүү ыкма менен каралоонун аракетин көрө башташты. Ошон үчүн Ташиев пресс-конференция берген күнү аны келбейт деген ойдо болушкан. Дагы жакшы Ташиев убагында келип калып, баарынын жагын басты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости