www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаачы Аида Акматова Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин жетекчилигине талапкерлигин койгон. Тилекке каршы бул айымды жапырт колдогон цирк жамаатынын ою ишке ашкан жок. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Фархат Бекмамбетовду жетекчилик кызматка бекиткени жамааттын нааразычылыгын жаратты. Учурда 34 адам иш таштоо тууралуу арызын жазышты. Кесиптештеринин колдоосун тапкан айымдын бейнесине назар салдык. Аида Акматова башка талапкерлерден эмнеси менен өзгөчөлөнгөнүн, анын ушул күнгө чейинки басып өткөн жолу кандай болгонун өз оозунан уктук.

БЛИЦ-АНКЕТА:

Туулган жылы: 31-май, 1986-жыл

Туулган жери: Архангельск (Орусия)

Бою – 165 см, салмагы – 55 кг

Жетишкендиктери: Жаа атуу боюнча III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын күмүш медалчысы.

Билими: Кыргыз мамлекеттик Юридикалык академиясын жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган.Беш тилде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүк абалы: Бойдок

- Аида, сиздин бала чагыңыз Циркте өткөнүн билебиз.Кичинекей кезиңизди эстегенде эмнелер көз алдыңызга тартылат❓

- Апам спорттук акробатика боюнча спорт чебери болсо, атам Москвадагы Цирк өнөрү боюнча атайын окуу жайды аяктап келген.Атам-энем цирк артисттери болгондуктан менин балалыгым ушул жерде өттү.Жада калса Бишкекте эмес, ата-энем Архангельскиге гастролдоп барганда ошол жактан төрөлүптүрмүн.Бала кезде эсимде калганы - машыгуулар болду.Сабагым башталганга чейин, бүткөндөн кийин ушул жерге келип машыкчумун. Бутум менен жаа менен машыгып баштаганда манжаларымдын ортосу каначу. Ооруга чыдабай ыйлаган күндөрүм болду. Бирок чыдап жүрүп өздөтүрүп кеттим. Жаа менен чыккан эң биринчи номерди 7-класста аткаргам. Кандай ийкемдүү, талантуу экенимди көрсөткүм келсе керек, мектебимдин директорун, мугалимдерин, классташтарымды чакырып алгам. Бирок аренага чыкканда толкунданып кеттимби, жаанын огу бутага тийбей уят болгом. Ыза болуп гримдөөчү бөлмөгө кирип аябай ыйлаган элем.

-Цирк сиздин балалыгыңызды чектеп койгон жокпу❓

- Ооба, бала кезимде көп ойногум келчү.Машыгуунун ордуна досторум менен сейилдегим келген күндөрүм көп болгон.Кийин мектепти бүткөндө эл катары досторум менен эки жакка чыгып көңүл ачкым келчү. Бирок апам мени катуу кармагандыктан ал тема дайыма жабык бойдон турчу. Балким ошо кезде жаман болгондурмун.Азыр артыма кылчайып жетишкен ийгиликтериме карасам, эч кандай өкүнүч болбойт.Тескерисинче, мени катуу тартипте кармаган апама ыраазычылык айтам.

- Башка бир туугандарыңыз да циркте иштешеби❓

- Сиңдим жана иним бар. Сиңдим жашоодогу менин эң жакын досум, сырдашым. Кесиби боюнча аба гимнасты, учурда дектерттик эс алууда. Иним да биздин жолду жолдогон.

-Германиядагы циркке кандайча барып иштеп калдыңыз эле❓

- Ата-энем болуп 5 жылдык келишимдин негизинде Европа өлкөлөрүндө иштедик. Германиядан 2007-жылы аба гимнастикасы боюнча номер көрсөтүп атып 8 метрлик бийиктиктен кулап түшкөм. Номерди ушунчалык берилүү менен аткарып атып коопсуздук курунун кантип ачылып кеткенин байкабай калыпмын. Бир билгеним - элдин кыйкырыгы угулду да, музыка өчтү. Ошо менен ооркунадан эсиме келдим. Доктурга берген биринчи эле суроом: “Кайра циркте ойной аламбы?”-дептирмин. Колу-бутум сынды, белим, арка моюнуман жараат алдым. Эки ай ооруканада жатып, төрт ирет операция болгондон кийин бутума турдум.

- Кырсыктан кийин циркке кайтуу оор болсо керек❓Кыйынчылыкты кантип жеңдиңиз❓

- Оңой болду десем калп айткандай болом.Анткени баарын нөлдөн баштоо керек болду.Жаа атууда сол бутумдун манжалары сыздатып ооруйт, белиме күч келип атты, эки колум менен жер таянсам жаным көзүмө көрүнөт.Башында кыйналып ыйлап жүрдүм.Бирок кыйынчылыкты жеңишим керек деген максат баарынан бийик болчу. Акырындан өзүмө келе баштаганда Көчмөндөр оюнуна чакырышты.

- Азыр деле башка өлкөлөр менен келишимдик негизде иштешүүгө болот да, сизди Кыргызстанда эмне кармап турат❓

- Буга чейин менеджер катары Германияда, Кытайда, Италияда, Францияда иштеп келгем.Азыр деле кызматташуу тууралуу сунуштар келип атат.Ал жакта айына жетиштүү жашоого кенен жеткидей акча табасың.Элге тартуулаган номериңди көргөндөн кийин башка өлкөнүн цирк директорлору, артисттери жаныңа келип: “Мындан ары биз менен кызматташпайсыңбы? Биздин мамлекеттик желектин алдында чыкпайсыңбы?” деген сунуштарын айтышат. Менин каным кыргыз болгондон кийин жериме тартып, патриоттук сезим мени мекениме байлап турат.Эл аралык фестивалдарга аттанарда дайыма кыргыздын желегин жаныма салып алмай адатым бар.

- Жумуш, кызмат деп жүрүп жеке жашоо унутта калып калбайбы❓

- Бири-экинчисине тоскоол кылбайт деп ойлойм. Менин апам спортчу, ошол эле учурда эне, жубай. Сабак бере турган көп окуучусу бар, ошол эле учурда үй иштерине да жетишет. Андыктан каалоо болсо баарын кылууга мүмкүн.

- Колуңузду сурап, сүйүүсүн арнаган жигиттер көппү❓

- Социалдык баракчама жылуу пикирлерин, “мага турмушка чыкпайсыңбы” деген сунуштарын калтырган жигиттер бар. Кээде күтүүсүз белек, гүл берип жиберишет. Бирок мен башка бирөөнөнүн эсебинен жашаганды жактырбайм. Андыктан жигиттерден эч кандай белек кабыл албайм.

-Биздин цирктеги эң биринчи көйгөй катары кайсыларды айта аласыз❓

- Бүгүнкү күндө артисттер 2500-5000 сомго чейин айлык алышат. Бул акча жол кире, тамак-ашынан ашпайт. Андыктан үй-бүлөсүн багуу үчүн көбү 2-3 жумушта иштегенге аргасыз болушат. Имараттын ичи капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Машыга турган зал суук болгондуктан кат-кат кийим кийип алып иштейбиз. Бул өтө ыңгайсыз. Оңдоо иштерине көп аракет кылдык. Бирок мурунку директор акча жок десе “акча жок тура” деп отуруп калчубуз. Дагы бир көйгөй, цирктин айланасы кафе-ресторандарга толуп кеткен. Ошонун баарын четинен карап чыгуу керек. Маданий жай болгондон кийин балдар үчүн эс алуу жайларын, аянттарды жасаган туура деп эсептейм.

-Сиз кошумча кандай жумуштарда иштейсиз❓

- Мен деле айлык акынын аздыгынан 3 жумушта иштейм. Фитнес-машыктыруучумун, окуучуларга гимнастика боюнча сабак берем.

- Жамааттын сизди директор кылуу мүдөөсү ишке ашпай калды. Келечекте чет жакта кетүүңүз мүмкүнбү❓

- Биротоло чет жакка кетип, ошо жакта иштеп калайын деген оюм жок. Гастролго же конкурстарга гана барып турам.

- Сиз менен кошо 34 адам иш таштады. Бул нерсе жүрөгүңүздү өйүгөн жокпу❓

- Мени колдогондордун баары цирктин алдыңкы, мыкты артисттери. Менин оюмча жакшы артист жумушу жок калбайт. Циркте иштебегени менен башка кошумча иштери менен каражат таап жүрүшөт. Мени колдогондоруна чексиз ыраазымын. Азыр деле туш-тараптан “сен утулган жоксуң” деген мааниде каттар, колдоо болуп атат. Андыктан жетекчи болбой калдым деп маанайым өтө деле түшкөн жок. Ийгилик али алдыда деп ишенем. Мен үчүн жетекчилик кызматтан да кесиптештеримдин, элдин колдоосу кымбатка турат. Өзүмдү утулдум деп эсептебейм.

- Негизи буга чейин ушундай бурулушка даяр белеңиз❓ Же акырына чейин министр жамааттын ою менен эсептешет деген үмүт үзүлгөн жокпу❓

- Чынын айтсам, акырына чейин үмүтүм үзүлгөн эмес. Биздин жамаат министрликтин алдына чейин барышты. Максатыбыз, министр жамааттын оюн, кызыкчылыгын эске алса дегенбиз. Бирок андай болгон жок. Жаңы жетекчи үстөмдүк кылып эле дайындалгандай болуп калды. Орусиянын Эл артисти Николай Цискаридзенин сөзүн цитата келтиргим келип атат: “Музыкалык, театралдык билими жок адам өзүнүн өкүмүн жасай баштаганда катастрофага алып келет” дегени бар. Андыктан сырттан келген адам оңой менен бул мекеменин көйгөйүн түшүнө албайт.

- Жаңы жетекчиге көз карашыңыз кандай❓
- Фархат Шаршеновичти сыйлайм. Сый мамиледебиз. Жаман-жакшы айтышкан эмесмин. Бирок ал адам жетекчи болуп келе электе эле “цирк артисттеринин арасында өздөрүнүн схемасы бар. Ошону сыртка чыгаруудан коркуп атышат” деген сөзү жамаатка, мага да өтө катуу тийди. Бул сөзү артисттердин көңүлүн калтырды. Адам болгондон кийин бири-бирин сыйлаш керек деген ойдомун. 

Булак: "Леди кж"

Последние новости