www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКга суракка чакырылган Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Саляновага айып тагылды. Эми тергөө жүрүп жаткан кезде ал эч жакка чыкпашы керек. Бул тууралуу кабарлаган УКМКнын маалыматында:
“Ал өзүнө карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу суракка чакырылган. Сурактын жыйынтыгында ага айып тагылып, эч жакка чыкпоого милдеттендирилди”, - деп айтылат.

Эске салсак, өткөн жылдын 26-декабрында Башкы прокуратура ЖКнын депутаты Аида Саляновага карата Кылмыш кодексинин 304-беренесинде каралган кылмыш белгиси боюнча иш козгогон.

Атап айтканда, 2010-жылы Адилет министри болуп турган кезинде Салянова Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып бергендиги үчүн айыпталууда.

Ошол кезде, революциядан кийин Елисеев Бакиевдин үй-бүлөсүнө кызмат кылган жан-жөкөрлөрүнүн бири катары издөөгө алынган эле. Бирок мындайды укпаган, көрбөгөн кишиге окшоп анын адвокат болуп иштөөсүнө шарт түзүп берген Салянова бул иш мыйзамдуу болгон деп актанып келет. Бул тууралуу Фейсбук баракчасына Айжан Мадиева жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости