www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги саясий эксперт, көз карандысыз журналист Айданбек Акматов менен баарлашып, Мухаммедкалый Абылгазиевди эмне үчүн президент колдоого албай калганын билүүгө аракет кылдык.  

--Мухаммедкалый Абылгазиевди буга чейин президент колдоду эле. Неге бу сапар арызын кабыл алды?

--Экөө түшкөн поезд жетер жерине жетти. Мындан ары ар ким өзүнчө кетет дегенге келишти окшойт. Анткени, шайлоо жакындап келип калды. Экинчиден, экономикада эч кандай өсүштүн жоктугу, кризистин тереңдеп баратышы да Жээнбековдун колдобоосуна алып келди. Албетте, жыштыкка байланыштуу жаңжал да өзүнүн ролун ойноду. Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы 4G режиминде иштей турган жыштыкты сатып алууга Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы миллиардер Кулибаевдин тиешеси бардыгы айтылууда. Натыйжада, жыштык жаңжалы Кулибаевдин да бизнесине тоскоолдук кылды. Ал абдан таасирлүү адам болгондуктан кыргыз-казак чек арасынан кыргыз жүк ташуучу унааларынын өтүүсүнө тоскоолдуктар жасалган. Бул Абылгазиев жана кыргыз бийлигине Кулибаев тарабынан жасалган басым, кысым эле. Ошондуктан Абылгазиев эмгек өргүүсүндө жаткан жеринен 11-июнда казак өкмөт башчысы Аскар Маминге телефон чалган... Андан кийин эле жыштык сатууга катыштыгы бар “АлаТВнын” жетекчиси камакка алынды. Мына ушул окуялардын жыйындысы Абылгазиевди кызматтан кетүүгө аргасыз кылды окшойт.

--Айрымдар эмки премьер мурункудан дагы тил алчаак болот деп болжолдоп жатышат. Абылгазиев тил алчаак эмес беле?

--Парламенттик деп аталган Кыргызстанда Жогорку Кеңеште бир колдоочу депутаты, фракциясы жок киши премьер-министрдикке дайындалып келет. Бул абсурд. Мындай болбошу керек. Парламенттик өлкөдө эки тизгин, бир чылбыр өкмөт башчыда болот. Анын парламентте өз фракциясы, фракциясында мандат жетишпесе көпчүлүк коалициясы болууга тийиш. Бизде баары жасалма. Туура эмес. Ошондуктан ал иштебей жатат. Абылгазиев тил алчаак, унчукпас болду. Бирок жең ичинен өзүнүн ишин аябай эле жүргүздү. Мына ошонусу менен жакпай калды окшойт. Анын ордуна келген Боронов ага караганда президентке толук көз каранды. Президентсиз бир кадам жасабайт. Абылгазиев айрым кадамдарды жасап койчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости