www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунун Новопавловка айылында кошуналардын ортосунда уруш-талаш чыгып, натыйжада 2 адам бычактан жаракат алган. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, 13-июнда Новопавловка айылынын 2 тургуну бычактан жаракат алды деген билдирүү келип түшкөн. Жерине укук коргоо органдарынын кызматкерлери барып, 55 жаштагы эркек киши 27 жаштагы уулу менен М.Э. аттуу кошунасынын үйүнө кирип барышканы белгилүү болгон.

Алардын ортосунда уруш-талаш болуп, жыйынтыгында атасы менен баласы 30 жаштагы кошунасына жана анын М.Р. аттуу досуна бычак сайганы айтылган. Жабыркагандар ооруканага кайрылышкан.

Аталган КРнын Жазык кодексинин 138-беренеси (“Денеге оор зыян келтирүү”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Шектүүлөр Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости