www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Эми Кыргызстан дагы  Өзбекстанга көбүрөөк товар экспорттоого аракет жасашы керек”, - деди бүгүн, 15-мартта NazarNews маалымат агенттигине саясат талдоочу, көз карандысыз журналист Айданбек Акматов.

--Айданбек мырза, президенттин Өзбекстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бир караганда майнаптуу эле болгондой таасир калтырды. Эки мамлекеттин ортосунда кайчы пикирлер жаралбашы үчүн кандай маселелерди чечүүнү колго алышыбыз керек?

--Президент Жапаровдун Өзбекстанга сапарына көз салганда, сыртынан баары жакшы көрүнөт. Негизи, эки мамлекеттин ортосунда мамиленин жакшы жагына жылуусу Өзбекстан башына Шавкат Мирзиёевдин келиши менен болгон. Азыр ошол тенденция улануу жолунда бара жатат.

Бирок, эки мамлекеттин соода-экономикалык, суу-энергетика жана транспорттук кызматташуусуна келгенде чоң маселелер чыгат. Биринчиден, соода байланышта өтө чоң терс баланс бар. Анткени, эки тараптуу соодада Өзбекстандын экспорту басымдуулук кылат. Өткөн жылы эки өлкөнүн соодасы 900 миллион долларга жеткен. Бирок анын 80% Өзбекстандын Кыргызстанга экспорту түзгөн. Кыргызстанда Өзбекстандын товарлары кеңири сатылып жатат. Ал эмес Кыргызстан аркылуу өзбек товарлары, продукциялары Евразия экономикалык биримдигиндеги башка мамлекеттерге да өтүп жатат.

Эми Кыргызстан дагы Өзбекстанга көбүрөөк товар экспорттоого аракет жасашы керек. Өзбек базарын ачыш керек, эркиндик алыш керек. Соода бир тараптуу боло бергенде келечеги болбой калат. Маселен, Кытай-АКШ соода согушунун бир себеби да эки ири мамлекеттин соодасында баланстын бузулушуна барып такалат. Кытайдын АКШга экспорту 452 млрд. доллар болсо, АКШнын Кытайга экспорту 135 млрд. доллар. Бул абдан чоң айырма. Ошон үчүн АКШ Кытайга бизден көбүрөөк товар ал деген талап коюп жатат. Кыргыз-өзбек соодасында да ушундай абал. Бул биздин кемчилик. Кыргыз бийлиги биздин товарлардын Өзбекстанда сатылышына  жол ачууга  жетишиши керек.

Жол, транспорт маселелери да бар. Кыргызстан Анжиян-Ош-Кашгар жолун ачып, Кытай-Өзбекстан соодасына чоң жол ачып берди. Ошол эле учурда Кыргызстан Өзбекстан темир жолу аркылуу өлкө түштүгүнө күйүүчү май жана башка товарларды ташый албайт. Чоң автоунаалар менен, жолдорду бузуу, экологияга зыян келтирүү менен ташыйт. Мына ушул маселелер да чечилиш керек.

Кыргызстан убагында электр энергиясын экспорттогон өлкө эле. Эми электр энергиясына муктаж өлкө болуп калды. Казакстан жана Өзбекстандан 1.5 млрд. килловат саат электр энергиясын сатып алабыз деп жатышат. Суу кандай берилет бул кошуна мамлекеттерге? Мына ушул маселе да күн тартибине коюлуш керек, - деди Айданбек Акматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости